Бүгүн Кемин шаарында балдарга зордук-зомбулук көрсөтүүнү токтотууга чакырган форум өтөт. Аны шаардын аялдар кеңешинин активисттери уюштурууда. Иш-чара үйдө жана мектепте жеткинчектерди кодулоо, аларды кордоо аракеттерин болтурбоо максатын көздөйт.
Уюштуруучулар билдиришкендей, иш-чарага балдар мектеп окуучулары чакырылган. Алар мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнө, молдолорго, ата-энелерге жана укук коргоочуларга өздөрү тушугуп жаткан көйгөйлөрдү айтып беришет.
Соңку кездери Кыргызстанда жеткинчектерге кордук көрсөтүү фактылары арбын кездешүүдө. Арасында зордуктоого кабылгандары да бар. (SE)