Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:39

Молдова: президенттик шайлоодо орусиячыл талапкер алдыда


Майя Санду жана Игорь Додон.
Майя Санду жана Игорь Додон.

Молдовада 13-ноябрда өткөн президенттик шайлоодо орусиячыл Игорь Додон алдыда келүүдө. Алдын ала маалыматтарга караганда, Социалисттер партиясынын лидери 55 пайыздан ашуун добуш алды. Анын атаандашы, Тилектештик жана аракет партиясынан талапкер Майя Санду 44 пайыз добушка ээ болгону кабарланды.

Жекшембиде өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында добуш берүүгө укуктуу жарандардын 53 пайызы катышты. Расмий жыйынтык бүгүн жарыяланат.

Чет элдеги бир катар шаарларда шайлоочулар добуш бере алышкан жок. Буга шайлоо комиссиясы жетиштүү бюллетень жөнөтпөгөнү себеп болду. (SE)

XS
SM
MD
LG