Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:00

Жүк ташуучулар Кытайга виза ала албай жатат


Бул тууралуу “Азаттыкка” Кытайга оор жүк ташуучу автоунаа айдоочулар билдиришти. Алардын бири Максат Дүйшеевдин айтуусунда, Бишкектеги Кытайдын элчилиги 30-августтагы элчилик имаратындагы жардыруудан кийин виза берүүнү токтотуп коюп, 600дөй айдоочу Кытайга каттай албай турат.

- Биз виза албай жатканыбыз менен Кытайдын оор жүк ташуучу унаалары толугу менен биз жакка каттап жатат. Биздин оюбузча, кыргыз айдоочуларын таптакыр жүк ташуу жолунунан түртүп салуу аракети жүрүп жаткандай. Ошондуктан ТИМ жана Транспорт министрлиги кандайдыр бир чара колдонуп, бизге көмөк көрсөтпөсө абалыбыз оорлоп баратат.

Бишкектеги Кытай элчилигинде 30-августтагы жарылуудан кийин элчилик кыргызстандыктарга виза берүүнү убактылуу токтоткон. Муну элчилик атайын шаймандар керектен чыкканы менен түшүндүргөн. Октябрь айынан тарта элчилик Кытайдын окуу жайларында окуган студенттерге виза берүүнү баштады. (SDz)

XS
SM
MD
LG