Жогорку Кеӊештин Социалдык маселелер, билим, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитетинин төрагасы Садык Шер-Нияз ээлеген кызмат ордунан өз каалоосу менен баш тартат. Бул тууралуу тармактык комитеттин кезектеги жыйынынын жүрүшүндө белгилүү болгонун парламенттин маалымат кызматы кабарлады.
- Өзүңүздөр билгендей "Ата Мекен" коалицияга кирген жок. Ал эми бул комитет коалицияга тийиши керек. Ошондуктан мен өз арызымды жазып берейин деп жатам.
Белгилей кетсек, кечээ Бюджет жана финансы комитетинин төрагасы Аскар Шадиев да ээлеген кызматын тапшырып, бул чечим “Бир бол” фракциясынын коалицияга кириши менен түшүндүргөн. (SDz)