Линктер

жекшемби, 24-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 00:35

Таласта тогузунчу класстын үч окуучусу уурулукка шектелип кармалды. Облустук Ички иштер башкармалыгынын маалыматына ылайык, алар Сарыгулов көчөсүндө жайгашкан "Көктөм" соода борборунун алдындагы уюлдук телефон сатуучу дүкөндүн терезесин сындырып кирип, 13 даана уюлдук телефон менен бир видеокамера жана бир фотоаппаратты уурдап кеткен. Натыйжада дүкөн ээсине 64 миң сомдук зыян келтиришкен.

Учурда бул факт боюнча уурулук беренеси менен кылмыш иши козголду. Тергөө амалдары жүрүп жатат. (AlS)

XS
SM
MD
LG