Тажикстан президенти Эмомали Рахмон өзүнүн атындагы орденди жарыялады. Бул мамлекеттик сыйлык “Улут көсөмү – Эмомали Рахмон” деп аталат.
Ошондой эле тажик мамлекет башчысы Душанбе шаарында Рахмондун музейин ачуу, түбөлүккө өзүн кылмыш жоопкерчилигине тартпоо, үй-жай, пенсия жана кызматтык унаа менен камсыздоо боюнча мыйзамга да кол койду.
64 жаштагы Эмомали Рахмон Тажикстанды 1992-жылдан бери башкарат. (SE)