Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:11

Мектепке жакпаган бала


Иллюстрация
Иллюстрация

Сокулукта 2-класстагы баланын энеси менен мектеп жетекчилигинин ортосунда талаш чыкты. Мектеп тестиер баланын кабыл алуу жөндөмү башкаларга салыштырмалуу төмөн деп эсептеп, аны үйдө өз алдынча окутууну сунуштаган. Жалгыз бой эне буга каршы болууда. Ал уулу медициналык-педагогикалык комиссиянын текшерүүсүнөн өткөнүн ырастап, уулун мектептен чыгарууга эч кандай негиз жоктугун далилдөөгө аракет кылууда.

Василиса Водяпанованын уулу Аристарх Титоренко Сокулук районундагы №2 мектеп-гимназияда экинчи класста окуйт. Быйыл мектеп жетекчилиги бала окууну жакшы өздөштүрө албай жатат деген негизде аны үйдө өз алдынча окутууну сунуштаган. Жалгыз бой эне тамга таанып, жазып, санай билген уулун мектептен сыртта окутууга макул эмес.

- Уулум окуп, санаганды үйрөнүп аракет кылып эле жатат. Атүгүл жайында экинчи класска көчөрдө атайын даярдоо курстарында жүрдүк. Атайын комиссиядан өттүк. Балам кадимкидей окуп калган. Анан эле азыр мектептен кайра начарлап баратат. Мен түшүнбөй жатам. Бизди улам педогогикалык кеңешке чакырып, өткөндө балама ар кайсы диагноздорду кое баштады. Алар диагноз койгондой медиктерби? Баламдын кабыл алуусу начар, мурду менен сүйлөйт, полип бар го дешет. Менин уулум сопсоо, ал болгону "р" тамгасын жакшы айта албайт. Алар "эгер балаңарды үйдөн окутууга каршы болсоңор анда аны экинчи жылга, кайра биринчи класска отургузабыз деп жатат. Башка жол жок" дейт. Азыр бизден улам ар кайсы справкаларды талап кылап жатышат.

Азырынча Аристарх башка балдар менен эле катар сабакка келип жатат. Тестиер бала мектеп ага жагарын, достору бар экенин, математика, дене тарбия сабактарын жакшы көрөрүн айтып берди.

- Мен математиканы, анан дене тарбия сабагын жакшы көрөм. Класста досторум бар. Адина диктант жазганда мени көрбөсүн деп ката берет.

"Бул өзгөчө бала"

Аристархтын класс жетекчиси Наталья Газиева бул класска быйылтан тарта сабак бере баштаган. Ал Аристарх тамга таанып, окуп жазганды билгени менен кабыл алуусу башкаларга салыштырмалуу жайыраак деп эсептеп, ага өзгөчө мамиле керектигин айтууда.

Мугалим таарынса окуучу токмок жейби?

Мугалим таарынса окуучу токмок жейби?

Мугалим сабады деген 2-класстын окуучусунун окуясын акыйкатчы өз көзөмөлүнө алды.

- Жалпысынан класс жаман эмес. Болгону башында бир аз тартип жок эле. Азыр алар мугалим класска киргенде туруп, учурашуу керектигин түшүнө баштады. Кыйкырбай, кол көтөргөндү үйрөнүп калышты. Башында мисал берсең өз алдынча чече албай кыйкыра баштачу. Азыр болсо өздөрү эсептегенди үйрөнүштү. Ал эми Аристарх болсо башкаларга салыштырмалуу абдан пассивдүү, көңүл буруусу начар, доскага бир нерсе жазып жатып, кокус калем түшүп кетсе, ошого алаксыган бойдон баарын унутат. Ал жалгыз иштей алат, бирок класс менен иштей албайт. Кээде партасынын алдына кирип кетет. Бул өзгөчө бала. Буга жекече мамиле керек. Бирок мен бир сабак бою анын жанында отура албайм да. Класста андан башка 25 бала бар.

Мектеп директору Татьяна Буртная болсо баланын тили алты жашында гана чыкканын эскертип, бул жагдай анын социалдашуу мезгилинин кечеңдөөсүнө алып келгенин, мындан улам көңүл буруу, эс-тутуму жагынан аксап жатканын айтат. Ал да мындай балдарга чоң жамаатта билим алуу татаал деген ойдо:

- Тилекке каршы, башталгыч каласстарда 30дан ашык бала окуйт. Көңүл буруу жагынан аксаган бала майда-барат нерсеге алаксый берет. Калемсап түшүп кетсе, бирөө чүчкүрүп жиберсе, баарына көңүл бурат. Ага кошумча баланын эс-тутуму жакшы өнүккөн эмес. Кайсы бир маалыматтын кыска гана бөлүгүн эстеп калат. Кереги жок нерселерге алаксып жатып, талап кылынган билимди албай калып жатат. Азыр ал жазбайт, муундап араң окуйт, кыйналып санайт. Ошол бойдон калып калбасын деп биз альтернативалык жол катары үйдө окутууну сунуштадык. Бул жерде мугалим бала менен индивидуалдуу иштейт.

Мугалимдердин дооматы негизсиз

Сокулук райондук ооруканасынын психоневрологу, Аристархты текшерген адис Динара Асылбекова мектеп мугалимдеринин дооматтарын четке какты. Ал баланы текшерип көрүп, үйдөн окутууга эч кандай негиз жоктугун, балага болгону мектепте кошумча жардам керектигине токтолду. Бул көз карашы үчүн ал мектеп жетекчилигинин опузалоосуна туш болгонун да кошумчалады.

- Бала медициналык-психологиялык комиссиянын текшерүүсүнөн өтүп, мектептен чектелген эмес. Кыйналып төрөлгөндүктөн, бир аз кабыл алуусу жайыраак. Бирок анын өздөштүрүү деңгээли акыл-эси кем балдардай эмес. Кадимки балдардай эле логикасы бар, окуп, жаза алат. Апасы дептерлерин да алып келип көрсөткөн. Мектеп берген мүнөздөмөнүн башында аны эч ким менен сүйлөшпөйт, жабык деп жазышкан, аягында тескерисинче сабак өткөртпөйт, эл менен сүйлөшүп жолтоо болот дегендей карама-каршы нерселер жазылган. Интеллектин атайын ыкма менен текшергенбиз. Ага жардам берсе өздөштүрүп кетчү жөндөмү бар. Бул үйдө окуй турган бала эмес. Мен ошентип маалымкат берсем, мектеп директору эки мугалим менен мага келип, коркутуп кетти. “Эмнеге мындай маалымкат бересиң, ал бала келесоо, баласы энеси экөө тең оорулуу, аларды дарылаш керек, эгер сенин корутундуң диспансердин диагнозунан айырмаланчу болсо мен силерге көрсөтөм” деп кыйкырып кетти.

Василиса Водяпанова болсо мугалимдер менен келишпестиктин себеби мектептеги акча чогултуу маселесине дагы байланыштуу болушу мүмкүн деп эсептейт. Анткени ал буга чейин мектептеги айрым көрүнүштөр боюнча сын-пикирин айтып жүргөн экен.

- Билбейм, балким бул нерсе кирүү төлөмүн бере албаганымдан чыкты деп да ойлоп жатам. Андан башка биз мектепти жыйноого 200 сомдон жана кароолчуга 300 сомдон чогултканбыз. Мектепке келсем, коридорду окуучулар жууп жаткан экен. Анда биздин мектепти жыйноо үчүн чогулткан акчабыз кайда кетип жатат? Мен ушул сыяктуу нерселерди көрүп, нааразылыгымды айткан элем.

Мектеп жетекчилиги Василиса Водопянованын дооматтарын четке кагууда. Алар маселени мектепте чечүү үчүн анын үйүнө чейин барышканын, бирок ал сүйлөшүүдөн баш тартып жатканын айтышты. Директор Татьяна Буртная эгер баланын энеси аны үйдө окутуудан баш тартса, быйыл аны жайына коюп, байкоо салуу мүмкүнчүлүгүн карап жатканын билдирди. Эгер ал жетишип кетсе үчүнчү класска көчүрүлөт, ал эми абал өзгөрбөсө окуучу жыл аягында кайра медициналык-педагогикалык комиссиянын кароосуна жөнөтүлөт. Ал эми Василиса Водяпанова баласынын маселесин чечип берүү өтүнүчү менен Билим берүү министрлигине арыз жолдогонун билдирди.

Мектеп баланы жеридиби?
please wait

No media source currently available

0:00 0:07:32 0:00
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.
  • 16x9 Image

    Айзада Касмалиева

    "Азаттыктын" журналисти, "Ыңгайсыз суроолор" телепрограммасынын алып баруучусу. Бишкек гуманитардык университетинин Түркология жана маданияттар аралык коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG