Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Октябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:16

Бишкекте кыргыз киносунун 75 жылдыгы белгиленет


Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатры. 1960-жыл.
Бишкектеги "Ала-Тоо" кинотеатры. 1960-жыл.

Бүгүн Бишкек шаарында кыргыз киносунун 75 жылдык маарекеси белгиленет. Улуттук филармонияда майрамдык салтанат жана кыргыз тасмаларына арналган көргөзмө уюштурулат. Ага эл сүрөтчүсү Муса Абдиев тарткан эмгектер коюлат. Бул тууралуу маарекени уюштуруп жаткан Кинематография департаменти кабарлады.

1941-жылдын 17-ноябрында Кыргыз ССРинин Эл комиссарлар кеңешинин токтому менен Фрунзе шаарында Кинохроника студиясы ачылган. Кыргызстанда алгач ирет 1955-жылы “Салтанат” көркөм тасмасы тартылган. (SE)

XS
SM
MD
LG