Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:53

КТРК партиялардын дебаттарын өткөрөт


КТРКнын студиясы (архив).
КТРКнын студиясы (архив).

28-ноябрдан баштап коомдук телерадиокорпорациясында Бишкек шаардык кеңешке ат салышчу партиялардын дебаттары башталат. Бул тууралуу КТРКнын башкы директору Илим Карыпбеков өзүнүн Facebook барагына жарыялады. Дебаттар беш күн уланып, ар бир чыгарылышка 2-4 партия катышат. Жалпысынан программаннын узактыгы бир жарым саатка уланмакчы.

Мыйзамга ылайык шайлоого катышып жаткан партияларга сыналгыдан чыгып, өзүнүн программасын тааныштырууга бекер убакыт берилет. БШК ал үчүн чүчүкулак өткөрдү. Алгачкы эфирдик убакыт “Кыргызстан элдик демократиялык партиясы”, “Демократ” жана “Таза Кыргызстан” партияларына сунушталат. (SDz)

XS
SM
MD
LG