Ирактын күч түзүмдөрү байыркы Нимруд шаарын "Ислам мамлекети" террордук тобунан бошотту. Нимруд эки жылдан ашуун согушкерлердин көзөмөлүндө турган. Бул аралыкта согушкерлер Ассириялык империядан бери сакталып турган тарыхый артефакттарды, эстеликтерди талкалаган.