Линктер

дүйшөмбү, 23-октябрь, 2017 Бишкек убактысы 23:17

Ак-Сайда ашууда дайынсыз жоголгондор табылды


Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин билдиришинче, дайынсыз жоголуп изделип жаткан Нарын облусунун Ат-Башы районунун алты тургуну 19-ноябрда табылды. Алардын баары туугандар болгон. 17-ноябрда кечке маал Ниссан үлгүсүндөгү автоунаа менен Ак-Сай өрөөнүнөн Баш-Кайыңды айылына карай жолго чыгышып, дайынсыз жоголгон. Куткаруучулар аларды Кында ашуусунан аман-эсен табышты. Алардын машинеси жолго тыгылып калганы маалым болду. (NT)

XS
SM
MD
LG