Бул тууралуу аэропорттун басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка караганда, аба ырайына байланыштуу учактарды жөнөтүү жана кабыл алуу эртең мененки саат 8ден тартып убактылуу токтоп турат. Азыр учуу-конуу тилкеси тазаланууда. Аба ырайынан улам Ош, Москва, Стамбул, Дели, Дүйшөмбү жана Үрүмчүгө жүргүнчүлөрдү ташыган учактар учкан жок. (NT)