Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:24

Президент «Атанын керээзи» тасмасын тарткан топту кабыл алды


"Атанын керээзи" тасмасын тарткан чыгармачыл топ жана дизайнер-модельер Аида Робертова бүгүн президент Алмазбек Атамбаевдин кабыл алуусунда болушту.

Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, аларга мамлекет башчынын атынан эстелик белек катары саат тартууланды.

Атамбаев тасманын режиссерлору Бакытбек Мукул менен Дастан Жапар уулун жана башкы ролду аткарган актер Ыйманберди Мукулду эл аралык сыйлыктарга татып жаткан эмгеги үчүн куттуктады. Жакында аталган фильм Монреалда (Канада) өткөн «Алтын карек» кинофестивалында «А» классындагы сыйлыкты уткан.

Ал эми Аида Робертова Москвада өткөн сынакта баш байгени уткан.

Мамлекет башчы өз сөзүндө кыргыз элинин байыртадан берки келаткан чыгармачыл көрөңгөсү бийик экенин баса белгилеп, чыгармачыл адамдарды колдоо бийликтин негизги максаттарынын бири экенин баса белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG