Линктер

дүйшөмбү, 25-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:18

Кара-Кулжада кардын камагында калган үч чабанды куткаруу аракети көрүлүүдө. Бүгүн таң эрте жергиликтүү төрт адамдан турган топ атчан жолго чыкканын "Азаттыкка" чабандардын биринин атасы Эсенбай Кулуев кабарлады.

"Күрөктөрдү алып кетишти. Аракет кылып көрүшөт. Бирок, эгер көчкү жүрсө кайра кайтышат" деди Кулуев.

17-ноябрда Орто-Казык жайлоосуна 900дөй койу менен чыгып кеткен үч чабандын дайыны 21-ноябрда гана табылган. Алар туугандарына чөнтөк телефон аркылуу байланышка чыгып, аман-соо экенин кабарлаган. Бирок бүгүн баарынын тең телефондору өчүк болууда.

Жакынкы кыштак менен жайлоонун ортосу 30 чакырым жер. (YI)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG