Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Ноябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:30

Шайлоо-2016: Ошто талапкерлердин 70% шайлоо фонду жок


Иллюстрация
Иллюстрация

Ош облусунда жергиликтүү шайлоого мажоритардык система боюнча катышып жаткан талапкерлердин 70% шайлоо фондун түзүүгө үлгүрбөй калган. Бул тууралуу бүгүн Ош шаарында шайлоого жана референдумга даярдык боюнча жыйында айтылды.

11-декабрда Кыргызстанда Конституцияны өзгөртүү боюнча референдум жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өтөт. Шаардык кеңештерге партиялык тизме менен, ал эми айылдарда мажоритардык, башкача айтканда, ар бир талапкер үчүн өзүнчө добуш берүү болот.

Ош облусунда 92 участок ачылган. Анын 71нде жергиликтүү кеңештерге шайлоо болот.

Шайлоо фонду жок талапкерлер ат салышуудан четтетилбейт, болгону алар үгүт ишин акы төлөнүүчү гезит, банер же баракча аркылуу жүргүзүүгө укугу жок болот. (YI)

XS
SM
MD
LG