Линктер

шаршемби, 20-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:52

Түркия өкмөтү коомдун каршылыгына кабылган сексуалдык зомбулук боюнча мыйзам долбоорун артка чакыртууну чечти. Парламентте добуш берүүнүн алдына премьер-министр Бинали Йылдырым үй-бүлө иштери боюнча комиссия долбоорду кайра карап чыгарын билдирди.

Бийликтеги "Адилет жана өнүгүү" (АК) партиясынын депутаттары сунуш кылган карама-каршылыктуу долбоорго ылайык, эркек жабыркаган кызга үйлөнсө, ага күнөө тагуу белгисиз мөөнөткө жылдырылат же таптакыр жазаланбайт. Оппозиция, укук коргоочу уюмдар, бир катар активисттер муну менен өспүрүм кыздарды зордуктоо жана алардын эрте турмушка чыгуусу мыйзамдаштырылат деп нааразылык билдиришүүдө. Өткөн апта соңунда Стамбулда мыйзамга каршы ири демонстрация болду.

Статистикалык маалыматтар Түркияда акыркы 10 жылда сексуалдык ыдык көргөн, уруп-сабоого кабылган аялдардын саны 40 процентке өскөнүн көргөзүүдө. Андай зордук-зомбулуктан каза тапкандар да кыйла көбөйгөн.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында жарыялаган онлайн сынак аяктады. Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. ​

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG