Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:36

№61 мектеп боюнча териштирүү жыйынтыкталды


Бишкектеги №61 мектеп
Бишкектеги №61 мектеп

Бишкектин №61 мектебинин директору Юрий Низовскийди тартип жоопкерчилигине тартуу сунушталды. Бул тууралуу бүгүн Билим жана илим министрлигинен кабарлашты.

Ошондой эле директордун окуу-тарбия иштери боюнча орун басары Людмила Макарова иштен алынып, 2-"Г" класстын жетекчиси алмашты.

Мугалимден ыдык көргөн окуучу Ырыскелди Осмоновго психологиялык жардам сунушталды, бирок анын апасы андан баш тартты.

Осмоновдун апасы уулун Людмила Макарова сабады деп билдирсе, мектеп жетекчилиги муну куру доомат деп айтып келген. Окуяны атайын түзүлгөн комиссия териштирди. (RK)

XS
SM
MD
LG