Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:51

Майып жаран боюнча чырда депутат Мирлан Бакировдун аты аталды


Нааразы тараптын пресс-конференциясы. 23.11.2016
Нааразы тараптын пресс-конференциясы. 23.11.2016

Жалал-Абадда "Тазалык" ишканасында майып болгон жумушчунун тарапкерлери анын ишин териштирүүгө парламент депутаты кийлигишип жатат деп билдирүүдө.

Бул тууралуу бүгүн маалымат жыйыны учурунда ишкананын жетекчисинин мурдагы орун басары Элдияр Төрөгулов айтып чыкты. Анын белгилешинче, ушул жылдын февраль айында ишкананын 21 жаштагы жумушчусу Шамшарбек Талибек уулу таштанды жүктөп жатып кырсыкка кабылып, сол бутунан айрылган.

Бул ишти Экотехинспекциянын шаардык башкармалыгы иликтеп, мекемеге күнөө койгон жана компенсация төлөп берүү керек деген чечим чыгарган.

Бирок, Төрөгуловдун айтуусунда, "Тазалык" ишканасынын азыркы жетекчиси Төлөн Бакиров "комиссиянын бул чечимине макул болбой, тууганы, Жогорку Кеңештин депутаты Мирлан Бакиров аркылуу Бишкектен башка комиссия чакыртып, ишти таптакыр башка нукка буруп жатат".

"Азаттык" бул билдирүүгө байланыштуу депутат Мирлан Бакировдун өзү менен байланышканда ал эч тиешеси жоктугун айтты.

"Төлөн Бакиров менин тууганым экени чын. Бирок, билишимче, майып жарандын укугун коргоочу болуп жаткан Элдияр Төрөгулов кезегинде кырсык болгонун жашырып койгон, себеби жумушчулардын коопсуздугуна түздөн-түз жооп берчү. Тиешелүү органдар териштирип жатат, менин тиешем жок" деди ал.

Шамшарбек Талибек уулу 2-топтогу майып катары катталып, иштөө укугунан ажыраган. Азырынча ишкана ага компенсация төлөп бере элек. (RsK)

XS
SM
MD
LG