25-ноябрда Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл жана Нарын облустарынын кээ бир жерлерине бир аз кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын дээрлик жок. Автожолдор тоңголок, тайгак. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн -10…-15, күндүз -0…-5;
Таласта түнкүсүн -10…-15, күндүз -4…+1;
Баткенде түнкүсүн -2...-7, күндүз -2...+3;
Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -3…-8, күндүз -2…+3;
Ысык-Көлдө түнкүсүн -4…-9, күндүз -1…+4;
Нарын облусунда түнкүсүн -9…-14, күндүз 0…-5;
Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын түнкү температурасы -10…-12°, күндүз 0…-2° суук.