Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:15

Нуржигиттин операциясы ийгиликтүү өттү


Ысык-Ата районунун Эпкин айылындагы өз алдынча баса албаган алты жаштагы Нуржигитке операция жасалды. Профессор Сабыр Жумабековдун белгилешинче, азыр ал балдакка тура алат:

- Убакыт керек, өзү дагы аракет кылыш керек. Белин кармаганга корсет даяр болгондо толук бастыра баштайбыз. Мындан кийинкиси өзүнүн аракети менен.

Быйыл жайында “Азаттык” Нуржигиттин үйүнө барып "Тепшиге байланган тагдыр" аттуу видеорепортаж даярдаган. Бул кабар коомчулукта чоң резонанс жаратып, Жапониядагы кыргызстандык Авазбек Өмүрзаков атайын электромобил берип жиберген.

Ал эми Бишкектеги Травматология жана ортопедия борборунун жетекчиси Сабырбек Жумабеков балага жардам берүүнү убада кылып, анда басып кетүү мүмкүнчүлүгү бар экенин айткан. (RK)

XS
SM
MD
LG