Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:54

Франция президенттигине талапкерлер кайым айтышты


Францияда оңчулдардын атынан президенттикке талапкер болуп чыгуу үчүн ат салышкан Франсуа Фийон жана Ален Жюппе кечээ экинчи айлампа алдындагы акыркы дебат өткөрүштү. Мурдагы премьер, Бордо шаарынын мэри Жюппе атаандашынын Кремль менен жылуу ымаласын сындады. "Бул – Орусия президенти талакепрди тандаган биринчи президенттик шайлоо болуп калмакчы", - деди саясатчы.

23-ноябрда Владмир Путин Фийондун Орусия менен мамилелерди жакшыртуу ниетин кубаттаган эле.

Ал эми Николя Саркози тушунда беш жыл өкмөттү жетектеп келген Фийон Москва менен стратегиялык байланыштарды жана Еврошаркет киргизген санкцияларды алууну жактайт. Ал Жюппенин сынын четке кагып, "биз АКШнын өнөктөшүбүз. Орусия менен бөлүшпөгөн фундаменталдуу баалуулуктарды ал өлкө менен бөлүшөбүз" деди. Ошол эле маалда азыркы президент Франсуа Олланддын Орусияга карата позициясы, анын ичинде санкцияларды колдоосу Москванын изоляциясына салым кошконун белгиледи.

XS
SM
MD
LG