Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

Транспорт министрлигинин кызматкерлерине кылмыш иши козголду


Транспорт жана жолдор министрлигинин кызматкерлерине карата кылмыш иши козголду.

Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 2015-жылдын 21-октябрында Кыргызстандын Бажы биримдигине кошулушу боюнча иш-планды аткаруу алкагында тендер өткөрбөстөн компьютердик серверлерди сатып алуу боюнча жеке компаниялардын бири менен келишим түзүлгөн. Анын негизинде 14 миллион сомдон ашык каражат которулган. Бул аткарылган иштердин чыныгы наркынан 11 миллион 308 миң сомго жогору.

Буга байланыштуу министрликтин тиешелүү кызматкерлерине “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” жана “өлкө кызыкчылыгына зыян келтирген келишим” түзүү беренелери боюнча кылмыш иш козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.(BkA)

XS
SM
MD
LG