Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:37

Пакистанда кытайлык инженерлер өлтүрүлдү


Гвадар порту, Пакистан
Гвадар порту, Пакистан

Пакистандын түштүк-батышындагы Белужистан аймагында эки кытайлык инженерди өлтүрүп кетишти. Аймактын полициясынан кабарлашкандай, инженерлерге бүгүн эртең менен жумушка баратканда белгисиз адамдар кол салышкан. Өлтүргөн соң алардын машинесин минип, из жашырышкан. Бул окуя боюнча эч бир топ жоопкерчиликти өзүнө ала элек.

Кылмыш орун алган Пасни району Гвадар портуна жакын жайгашкан. Бул аймакта Кытай-Пакистан кызматташтыгынын алкагында бир нече объект курулуп жатат. Эки апта мурун Пакистандын премьер-министри Наваз Шарифтин катышуусу менен оңдолгон Гвадар порту аркылуу Кытайдан жүктөрдүн алгачкы партиясы келген эле.

XS
SM
MD
LG