Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:31

Саакашвили Киевде демонстрация өткөрдү


Михаил Саакашвили
Михаил Саакашвили

Украинанын борбору Киевде миңдей киши мурдагы грузин президенти жана Одесса облусунун мурдагы губернатору Михаил Саакашвили жетектеген жаңы саясий кыймылды колдоп жүрүшкө чыкты.

Чогулгандар Украинанын жана Европа Биримдигинин желектерин көтөрүп турушту. Саакашвили: “Биз Украинанын байлыгын элдин колуна кайтарабыз”,-деп билдирди.

Саакашвили ноябрдын башында губернаторлук кызматтан кеткенден кийин “Жаңы күчтөр” аттуу кыймылды негиздеп, Украинада мөөнөтүнөн мурда парламенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Ал президент Петро Порошенкону коррупцияга аралашкан элитаны колдойт деп айыптаган.

Порошенко Украинада реформа жүргүзүү аракеттеринин алкагында былтыр Саакашвилини Одесса облусунун губернатору кылып дайындаган. Бирок грузин губенатору менен айрым өкмөт мүчөлөрүнүн ортосунда пикир келишпестиктер чыккан.

XS
SM
MD
LG