Сокулук районунда белгисиз айдоочу милиция кызматкерин сүзүп, качып кеткенин Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти. 27 жаштагы патрулдук милициянын кызматкери алган жараатынан дароо көз жумган.
Учурда милиция күчөтүлгөн тартипте ыкчам-издөө чараларына киришти.
18-ноябрда да “Бишкек-Чалдовар” автоунаа жолунда милиция кызматкери жол жээктеги адамга жардам берип жаткан учурда автоунаа коюп кеткен. Жаракат алгандар ооруканага жаткырылган.