Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:22

Атырауда жер реформасына каршы чыккандар абакка кесилди


Айыпталуучулар Макс Бокаев (солдо) жана Талгат Аян сот залында.
Айыпталуучулар Макс Бокаев (солдо) жана Талгат Аян сот залында.

Казакстандын Атырау шаарында жер реформасына каршы ири нааразылык акцияларынын эки катышуучусу беш жылга эркинен ажыратылды. Сот Макс Бокаев жана Талгат Аянды “социалдык карама-каршылыкты уюштурду, жалган маалыматты таркатты жана коомдук жыйындар боюнча мыйзамды бузду” деп тапты. Соттолуучулар айыптарды четке кагышып, саясий куугунтукка кабылганын айтууда.

Алар 24-апрелде Атырауда миңдеген адамдар жерди менчиктештирүү жана чет өлкөлүктөргө ижарага берүү боюнча мыйзамга каршылык билдирип чыккан учурда камакка алынган. Атырауда башталган нааразылык акциясы Казакстандын башка аймактарында эки аптага чейин уланган болчу.

XS
SM
MD
LG