Улуттук илимдер академиясынын президенти Абдыганы Эркебаев бүгүнкү күндө мекемедеги кыскартуулар менен академияны сактап калуу аракети жүрүп жатканын айтты. Ал митингге чыккан илимпоздор менен сүйлөшүүлөр болуп жатканын кошумчалап, тараптарды түшүндүрүү иштери дагы уланарын кошумчалады.
- Биз өз демилгебиз менен кыскартууларды сунуштадык. Төрт вице-президент, жети кеңешчи жумуштан алынып, институттардын саны 16га кыскарган. Аткаминерлер эле жумуштан алынды. Эл калды. Азыр сүйлөшүүлөрдүн негизинде маселени түшүндүрдүк.
Улуттук илимдер академиясы СССР илимдер академиясынын филиалы катары 1943-жылы ачылган. Кыргызстан эгемендик алган 90-жылдары УИАда 4000ден ашык адам иштесе, азыркы күндө илимий жана башка кызматкерлердин жалпы саны 1940 адамды түзөт.