Каракол шаарындагы азык-түлүк саткан “Макиш” базарынын бир бөлүгү өрттөнүп кетти. Күбөлөрдүн айтуусунда, "тилсиз жоо" бүгүн эртең мененки саат төрттөрдө башталган. Шаардык өрткө каршы кызматы аны өчүрдү.
Алдын-ала маалыматтарга караганда, жемиштерди үшүк алдырбоо максатында сатуучулар иштетип кеткен жылытуучу электр каражаттарынан өрт тутанган. Соода күркөлөрү жана мөмө-жемиштер күйүп кетти. Андан канча зыян келгени такталууда. (SE\AsM)