Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:08

Франция Алеппо боюнча Коопсуздук Кеңештин жыйынын чакырууга үндөдү


Алеппо.
Алеппо.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Мар Айро 29-ноябрда Сирияда тынымсыз согуш аракеттери жүрүп, гуманитардык абал өтө оорлогон шартта “маселени коюп, аскердик аракеттерди токтотуу" зарыл экендигин билдирди.

Улуттар Уюмунун гуманитардык маселелер боюнча координатору Стивен О.Брайн акыркы күндөрдөгү кармаштардан улам 16 миң адам орун которууга аргасыз болгонун шейшембиде Бейрутта ырастады. Ал ошондой эле шаардын батыш тарабында да согуштун айынан акыркы айда 20 миң киши качып чыгууга мажбур болушканын кошумчалады.

Сириянын өкмөттүк күчтөрү акыркы күндөрдөгү уруштарда Алепподо бир нече райондорду бошотту, миңдеген адамдар ал аймактардан агылып чыкты. Алеппо 2011-жылы көтөрүлүш башталгандан бери Сирия оппозициясынын эң маанилүү таяныч пункту болуп келатат. Шаарды толук көзөмөлгө алуу өкмөт үчүн чоң жеңиш болуп калмакчы. (AiT)

XS
SM
MD
LG