Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 11:15

Тоң районунун "Алмалуу" этно комплексинде Кыргызстанда биринчи жолу «Айылдык сүйлөйт» долбоору жүзөгө ашырылууда. Өздөрүнүн иши, эмгеги, укугу, жеткен ийгилиги менен башкаларга үлгү болуп бере ала турган айылдыктар аймактарда өз тажрыйбасы жөнүндө мектеп окуучуларына айтып беришмекчи.

Британия элчилиги тарабынан каржыланган, БУУнун өнүктүрүү программасына кирген укук үстөмдүгүн чыңдоого багытталган долбоордун максаты Кыргызстанда ар кыл кесипте өз бактысын айылдан таап, элетте жашоо кечирген ийгиликтүү адамдар менен жаштардын ортосунда диалог куруу, кийинки муунга багыт көргөзүү болуп саналат. Иш-чараны БУУнун өнүктүрүү программасы, Укук үстөмдүгүн чыңдоо долбоорунун өкүлдөрү жана "Көчмөн" коомдук фонду уюштурууда. (AsM)

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG