Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:03

Меркел Христиан-демократиялык партия жетекчилигине кайра шайланды


Меркел партиялаштарынын куттуктоосун кабыл алууда.
Меркел партиялаштарынын куттуктоосун кабыл алууда.

Германия канцлери Ангела Меркел Христиан-демократиялык союздун жетекчиси болуп кайра шайланды. Эссенде 6-декабрда өткөн партиянын курултайында анын бул кызматтагы мөөнөтү төртүнчү ирет узартылды. Добуш берүүгө миңге чукул делегат катышып, алардын 89,5 пайызы Меркелди колдоду. Эки жыл мурдагы курултайда Меркел катышуучулардын 96,7 пайызынын добушун алган.

Немис канцлеринин мигранттар боюнча жүргүзгөн саясаты калктын бир бөлүгүнүн нааразылыгын туудуруп, аталган партияга болгон ишенимди азайткан. Оңчул-популисттик “Германия үчүн альтернатива” партиясы аймактык шайлоолордо жеңишке жеткен кезде Меркел миграция боюнча катаалырак позицияга өтөрү күтүлүп жатат. 6-декабрдагы курултайда добуш берүүнүн алдында ал Германияда популизмдин көбөйүп кеткенин сынга алып, коомдук жайларда аялдардын паранжа жамынып жүрүшүнө тыюу салуу демилгесин колдой турганын билдирди:

- Мындай жабык кийимге бардык жерде тыюу салынышы керек. Бул кийим биз үчүн эмес.

Бул Меркелдин паранжага алгачкы каршы чыгышы. Анын партиясы сот имараттарында, рулда отурганда паранжага тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун иштөөгө киришкени кабарланды.

XS
SM
MD
LG