Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 04:48

Каримовдун эстелигин тургузууга сынак жарыяланды

Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнөдөн кайткан.
Ислам Каримов 2-сентябрда дүйнөдөн кайткан.

Өзбекстандын мурдагы президенти Ислам Каримовдун эстелигин тургузууга эл аралык сынак жарыяланды. Тиешелүү документке мамлекеттин жаңы шайланган президенти Шавкат Мирзиёев кол койду.

2-декабрда кол коюлган жарлыктын тексти маалымат каражаттарында шаршембиде жарыяланды.

Өлкөнү 1989-жылдан бери башкарып келген Каримов 2-сентябрда 78 жашында көз жумган. Кийинчерээк Ташкенттеги байыркы мечиттердин бирине анын ысымы ыйгарылган.

2003-жылдан бери өкмөт башчысынын кызматын аркалап келген Шавкат Мирзиёев 4-декабрда өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жетти.

XS
SM
MD
LG