Саясий партиялар шайлоочулардын добушун сатып алууда. Бул тууралуу бүгүн "Азаттыкка" Жогорку Кеңештин "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын депутаты Исхак Масалиев билдирди.
«Ишенимдүү адамдар мага айтышты. Аларга 500, 1000 сомдон сунуш кылышыптыр. Добуш сатып алуу жүрүп жатканы - факт» деди депутат.
Масалиев "Өнүгүү-Прогресс" да добуштарды сатып алып жатканы тууралуу интернеттеги социалдык түйүндөрдө айтылып жаткандарды четке какты.