Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:41

Жергиликтүү кеңештерге шайлоодо 43,99 пайыз адам добуш берди


Борбордук шайлоо комиссиясынын соңку маалыматына ылайык, 11-декабрда өткөн жергиликтүү кеңештерге шайлоого добуш берүүчүлөрдүн 43,99 пайызы катышты. Добуш берүүгө эки миллион сегиз жүз миңден ашуун жаран акылуу болчу.

Бардык аймактарда катышуу 40 пайыздан көп болду. Бюллетендердин 5223ү жараксыз деп табылды.

Ал эми референдумга келген жалпы добуш берүүчүлөр 42 пайыздан көбүрөөк болду. Алардын 80 пайызы Баш мыйзамды өзгөртүүгө макул болсо, 16 пайызы каршы добуш беришкенин БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.

Шайлоо жана референдум бир күндө уюштурулгандыктан байкоочулар добушканаларда алешемдиктер орун алганын, бирок өнөктүк жалпысынан тынч өткөнүн билдиришти. Жергиликтүү жана эл аралык байкоочулардын баасы 12-декабрда жарыяланат.

Ички иштер министрлиги ондон ашуун мыйзам бузуу катталганын маалымдады.

Көпчүлүк шайлоо участкаларында электрондук үкөктөр, биометрикалык маалыматты текшерген аппараттар иштебегенине нааразылыктар болду.

Өкмөт өкүлдөрү техникалар аба ырайына байланыштуу бир аз кыйынчылык менен иштегенин белгилешип, бирок ал шайлоо жыйынтыгына таасир көрсөтпөй турганын айтышты.

XS
SM
MD
LG