Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Сентябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:52

Акын Бурулкан Сарыгулованын поэзия кечеси өтөт


Бурулкан Сарыгулова
Бурулкан Сарыгулова

Акын жана журналист Бурулкан Сарыгулованын “Жүрөк шыбыры” аттуу поэзия кечеси өтөт. Бишкектеги Улуттук филармонияда боло турган адабий иш-чарада акындын ырлары окулат. Кечени “Роза Отунбаеванын демилгелери” эл аралык коомдук фонду уюштурууда.

Бурулкан Сарыгулова Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунун Кичи-Жаргылчак айылында туулган. 1983-жылы Кыргыз мамлекеттик улуттук университеттин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. Алгачкы ырлары мектеп курагында жазылып, райондук, облустук, республикалык гезит-журналдарга, альманахтарга жарыяланып келген. 1988, 1990-жылдары “Токтогул”, “Алыкулдун ак боз ат” фестивалдарынын лауреаты болгон. “Сыр сандык”, “Жетелешкен жылдар” ыр жыйнактарынын автору. Жаңы ырлар жана котормолор жыйнагы басмага даярдалууда.

Кыргыз Республикасынын Ардак грамотасы, “Эл агартуунун отличниги” сыйлыктарын алган.

Бурулкан Сарыгулова көп жылдан бери “Азаттык Медиа” мекемесинин (“Азаттык” радиосунун) баш редактору кызматын аркалап келатат.

Поэзия кечеси 16-декабрда кечки саат беште башталат. Кирүү акысыз. (SE)

"Жүрөктүн шыбыры"
please wait
Embed

No media source currently available

0:00 0:01:30 0:00

XS
SM
MD
LG