Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:03

Талас: насыя боюнча соттошкондор судьяга нааразы


Таласта 13-декабрда насыя боюнча соттошкон 10дон ашык адам бардык иштерди бир эле судья карай берет деп нааразылык билдирип чыгышты. Алар облуcтагы район аралык соттун имаратынын алдына чогулуп, ишти судья Нурман Нартаевден башка сот карасын деген талап коюшту. Жергиликтүү тургун Айдар Белеков Нартаев мурда банктардын биринде юрист болуп иштегендиктен, акыйкат чечим кабыл аларына ишенич жок деген пикирин "Азаттык" радиосуна бөлүштү:

- Бул судья мурда жергиликтүү банктардын биринде юрист болуп иштеген. Түздөн-түз банк менен сүйлөшүп алган. Нартаевдин иш бөлмөсүндө банктын плакаттары илинип турат. Элдин баары билет анын «буюртма аткаргыч» экенин. Банктардан акча алат. Канчалаган киши соттошсо да, өкүмдү банктын пайдасына чыгарат. Териштирүү учурунда жабырлануучуларга окуучудай мамиле жасап сүйлөтпөйт.

Ал эми райондор аралык соттун судьясы Нурман Нартаев жогорудай айтылгандарга комментарий берүүдөн баш тартты.

Жалпысынан Талас облусунда кредитин төлөй албай соттошуп жаткан 1700дөн ашык адам бар. Аймакта «Насыя алуучулардын укугун коргоо» кыймылы да түзүлгөн. (AlS)

XS
SM
MD
LG