Линктер

дүйшөмбү, 20-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 02:21

Милиция активисттин акциясына уруксат берген жок


Өндүрүш Токтонасыров референдумга каршы буга чейин да акцияларды өткөргөн.

Бул тууралуу жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров "Азаттык" радиосуна билдирди. Ал бүгүн Баш мыйзамды өзгөрткөн референдум кабыл алынганына байланыштуу Ак үй алдына пикетке чыккан. Жалпы элдик добуш берүүнү колдогон депутаттардын мандатын тапшыруусу керек деген жазууларды кармап турган. Бирок, милиция кызматкерлери 15-декабрга чейин коомдук жайларда акция уюштурууга уруксат жок деген жүйө менен Токтонасыровдун кетишин талап кылышкан. Активист тартип сакчылары сөгүнүп, орой мамиле жасаганын да айтууда. Шаардык милиция башкармалыгы буга комментарий бере элек. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG