Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Exxon Mobil компаниясынын башчысы АКШнын мамлекеттик катчылыгына тандалды


АКШнын Мамлекеттик катчылыгына тандалган Рекс Тиллерсон.
АКШнын Мамлекеттик катчылыгына тандалган Рекс Тиллерсон.

Шайланган президент Дональд Трамптын өткөөл тобу бүгүн жарыялаган расмий билдирүүдө Рекс Тиллерсондун “өжөрлүгү, бай тажрыйбасы жана геосаясатты терең түшүнүүсү - аны мамлекеттик катчылык үчүн эң мыкты тандоо кылды. Ал аймактык туруктуулукка көмөктөшөт, Кошмо Штаттардын улуттук коопсуздугунун негизги кызыкчылыктарына көңүл бурат”,- деп айтылган.

АКШдагы тартип боюнча мамлекеттик катчыны өлкө Сенаты бекитиши керек.

Тиллерсон Мамлекеттик катчылыкка тандалышынан улам анын Орусия менен байланыштары АКШ Сенатындагы талкуу учурунда бир катар суроолорду жаратышы мүмкүн.

Маселен, республикачыл сенаторлордун бири Жон МакКейн Тиллерсондун Орусия президенти менен байланыштары анда “олуттуу тынчсызданууга” негиз берип жатканын белгилеген.

Exxon Mobil мунай-газ компаниясынын Орусияда кеңири бизнес кызыкчылыктары бар жана Тиллерсон өзү мурда Орусияга каршы киргизилген санкцияларды сынга алган. Украин кризисинен улам киргизилген санкциялар Exxon Mobil компаниясын Орусияда айрым долбоорлорун токтотууга мажбурлаган эле.

2013-жылы “Отун жана энергия секторундагы кызматташтыкка олуттуу салым кошкону” үчүн президент Путин Тиллерсонду Орусиянын “Достук” ордени менен сыйлаган. (UE)

XS
SM
MD
LG