Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:26

Кара-Суу: жергиликтүү тургундар 15 чөө жок кылышты


Чөө.
Чөө.

Кара-Суу районунун Мамажан айылынын тургундары, ата-бала Касым жана Нурбек Жаанбаевдер быйыл жыл башынан бери 15 чөө жок кылышты. Аймакта чөө көбөйүп кеткенине байланыштуу аларга Жоош айыл округунун жетекчилиги кайрылган. Анткен менен жергиликтүү тургундар чөө коркунучу дале күчтүү экенин айтышып, аларды жок кылууда бийлик алсыз болуп жатканын билдиришүүдө.

Жоош айыл округунун жетекчилиги буга чейин эки жолу атайын аңчыларды жалдаган. Бирок алар чөөлөрдү ата алган эмес. Натыйжада, жырткычты өлтүргөндөргө акчалай сыйлык жарыяланган.

Cентябрда Кара-Суу районунда чөөлөр кескин көбөйүп адамдарга тиш сала баштаганы, мүрзөдөгү сөөктөрдү казып жеп, айбандарга асылып жатканы кабарланган эле.

Мыйзам боюнча Кыргызстанда бир чөөнү жок кылууга 2000 сом төлөнүшү керек. (ErN/NT)

XS
SM
MD
LG