Линктер

жума, 24-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 06:24

Шавкат Мирзиёев президенттик кызматка киришүү алдында ант берди


Шавкат Мирзиёев ант берүү учурунда. 14-декабрь, 2016-жыл

Өзбекстандын жаңы шайланган президентинин ант берүү аземи 14-декабрда кош палаталуу парламенттин биргелешкен жыйынында болду. 59 жаштагы Мирзиёев Куран жана Өзбекстандын Конституциясына колун коюп, “Өзбекстан калкына чын дилден кызмат кылууга” ант берди. Ант берүү аземине Борбордук шайлоо комиссиясы, өкмөт мүчөлөрү, сот бийлиги жана чет өлкөлүк дипломаттар катышты. 2003-жылдан бери Өзбекстан өкмөтүн жетектеп келген Шавкат Мирзиёев 4-декабрдагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкен. (AiT)

XS
SM
MD
LG