Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Сентябрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 00:57

Орус-жапон лидерлери талаштуу аралдарды талкуулашат


Синзо Абе жана Владимир Путин
Синзо Абе жана Владимир Путин

Жапонияда орус президенти Владимир Путин менен жапон премьер-министри Синзо Абенин сүйлөшүүлөрү башталды. Алар эки өлкөнүн ортосундагы талаштуу аралдардын маселесин талкуулаганы жатышат.

Жапония Хоккайдо, Орусия Курил деп атаган бул аралдарды Советтер Союзу Дүйнөлүк экинчи согуштан кийин ээлеп алган. Арал талашынан улам Совет бийлиги Жапония менен согуштун аяктаганын күбөлөгөн тынчтык келишимине кол койгон эмес.

Орус президенти “Йомиури” гезитине курган маегинде Жапониянын Орусияга карата санкциялары жоюлбаса, тынчтык келишимине жетүү кыйын болоорун билдирди. Жапон тарап болсо Украинадагы жаңжалдан улам орус тарапка киргизилген эл аралык санкцияларга көз жумуп койбостугун ишара кылууда.

XS
SM
MD
LG