Линктер

шаршемби, 22-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 13:33

Бул тууралуу Мунай ташуучулар бирлигинин аткаруучу директору Улан Кулов "Азаттык" радиосуна билдирди. Анын айтымында, 12-декабрда өлкөдө бензин баасы 2,5-3 пайызга кымбаттаган. Декабрдын аягына чейин баа дагы 10 пайызга жогорулайт деген божомол бар:

- Орусияда кара майдын дүң баасы акыркы айларда 10 пайызга чейин кымбаттап, бул жагдай Кыргызстанга да таасир этүүдө. Москвадагы күйүүчү май чыгарган ири заводдо ремонт иштери башталганы турат. Ал жакта январь-апрелде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Мындан улам көп көлөмдө бензин, дизелдик отун өндүрүлбөй, тартыштык пайда болууда. Орусиянын Энергетика министрлиги менен Антимонополия кызматы экспортту азайтып, баарынан мурда ички рынокту камсыздоо сунушун берген. Андыктан бизге келген күйүүчү май азайып, баа жогорулап жатат. Мындан тышкары Казакстанда ноябрдын этегинде дефицит пайда болуп, аларда да суроо-талап күч.

Кыргызстанда 12-декабрдан тарта АИ-80, 92, 95 үлгүсүндөгү бензинге бир сом, дизелге 50 тыйын кошулду. Ошол эле маалда автогаз баасы 50 тыйынга арзан сатылууда. (NT)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG