Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:59

Москвада полковник чыккынчылык үчүн соттолду


Иллюстрация
Иллюстрация

Москва шаардык соту полковник Алексей Синяковду мамлекетке чыккынчылык кылгандыгы үчүн айыптуу деп таап, 12 жылга күчөтүлгөн тартиптеги абакка кести. Ошондой эле ал аскердик чининен да ажыратылды.

“Интерфакс” билдиргендей, айыпталуучунун иши “сырдуу кылмыштардын” катарында жабык тергелди. Иштин чоо-жайы ачык айтыла элек.

Орусияда мамлекетке чыккынчылык кылуу боюнча иштердин көбү “сырдуу кылмыш” катары тергелет. 2015-жылдан бери бул жаатта 28 адам соттолду. (SE)

XS
SM
MD
LG