Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Октябрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:52

Түндүк-түштүк жол курулушу кечеңдөөдө


Тешкен тоо.
Тешкен тоо.

Бул тууралуу транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов "Ата Мекен" фракциясынын 16-декабрдагы жыйынында билдирди. Анын айтуусунда, иштин кечеңдешине "Көк-Арт" ашуусундагы кыйынчылыктар себеп болду:

- Бул жерде жол курган компаниянын, аны көзөмөлдөгөн тараптын айыбы жок. Туннелдин түндүк жагын куруу аяктады, бирок түштүк тарабында бургулоо иштери учурунда таш түштү. Аны тазалоо көп убакыт алып, иш токтоп калды. Кийинки жылы белгиленген мөөнөттө бүткөрүүгө аракет кылабыз.

Министрдин маалыматына караганда, түндүк-түштүк кошумча жолун курууда Жалал-Абад-Казарман участкасындагы иш 80 пайыз бүткөрүлдү.

Бишкек-Ош жолуна катарлаш түштүк менен түндүктү байланыштырчу жаңы альтернативдик жол курулушу 2014-жылдын апрелинде башталган. "Ата Мекен" фракциясы бүгүнкү жыйында бул маселени талкуулап жатат. (NT)

XS
SM
MD
LG