Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 07:22

Кайсеридеги жардыруудан кыргызстандыктар жабыркаган жок


Бул тууралуу "Азаттыкка" Кыргызстандын Түркиядагы элчилигинин катчысы Медер Абакиров билдирди:

- Кайсери шаарындагы студенттердин башчысы менен сүйлөштүк. Эч кандай проблема жок. Бардыгы жатаканаларында, үйлөрүндө отурушат.

Анкарадагы элчиликке таянып, Тышкы иштер министрлиги тараткан маалымат боюнча, элчилик Кайсериде окуган кыргызстандык студенттер менен дайыма байланышта болууда.

17-декабрда саат 8:45те Кайсериде жардыруу болуп, 14 киши мүрт кеткен. 56 адам жаракат алган, алардын ичинен 11и оор абалда.

Набыт болгондордун баары аскер кызматкерлери, жаракат алгандардын 48и аскер кызматкери деп айтылууда. Айрым маалыматтар боюнча, бомба коюлган автоунаа жолчыракка токтоп турган автобустун жанына келип жарылган. Автобуста аскер кызматкерлери бараткан.

Бул жардырууга шектелип жети киши кармалганын Түркиянын ички иштер министри Сулейман Сойлу билдирди. Азырынча кармалгандар тууралуу так маалыматтар жок.

Түркия президенти Режеп Тайып Эрдоган жардырууну күрттөрдүн сепаратисттери жасады деп билдирди. (ZKo/ElB)

XS
SM
MD
LG