Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:16

Алепподо курман болгондор Бишкекте эскерилет


Алеппо. Эвакуацияны күткөн балдар. 17-декабрь, 2016-жыл.
Алеппо. Эвакуацияны күткөн балдар. 17-декабрь, 2016-жыл.

Бишкекте активисттер Сириянын Алеппо шаарындагы калабадан улам курман болгондорду эскеришет. Тынчтык жыйыны 20-декабрда Горький сейил багында өтөт. Уюштуруучулардын бири Руслан Бекназаров “Азаттыкка” билдиргендей, алар дүйнө элин Сириядагы согушту токтотууга чакырган жазууларды көтөрүп турушат:

-Эч ким микрофон алып сүйлөбөйт. Ойлорубузду жазуулар менен гана жеткирип, коогада өлгөндөргө атап Куран окуп, тарайбыз.

Алепподо жайкын тургундарды тынч жакка алып кетүү иштери эл ташыган автобустарга кол салуулардан улам үзгүлтүккө учурап жатат. 18-декабрда калаадан 350 адам чыгарылды. Орусия аба соккулары менен колдогон Сириянын өкмөттүн күчтөрү менен Башар Асаддын бийлигине каршы козголоңчулар ортосундагы салгылашуудан улам акыркы күндөрү шаарда абал курчуп кетти.

Сирияда калаба башталган 2011-жылдан бери жүз миңдеген адамдар набыт болушту. (SE)

XS
SM
MD
LG