Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:12

“Жаңы шаар” партиясы БШК чечимине нааразы


Кара-Балта шаары.
Кара-Балта шаары.

Бул тууралуу аталган партиянын төрагасы Тилек Нааматбеков 19-декабрда Бишкектеги маалымат жыйында билдирди. Анын айтуусунда, аталган партия жаштардан куралган жана эч кандай мыйзамсыз аракеттерге барган эмес. Нааматбеков партиянын айланасында жаралган абал боюнча түшүндүрмө берип, Башкы прокуратура шайлоочуларга кысым көрсөткөн деген жүйө менен кылмыш иш козгогон Кара-Балтадагы “Азия-2” базарынын ээси Зуура Сегизбаева апасы экенин моюнуна алды. Тилек Нааматбековдун маалыматына караганда, апасы базардагы соодагерлерге карата эч кандай басым көрсөткөн эмес:

- Менин апам базардагы соодагерлердин бири менен өз ара уруша кеткен. Ал уруштун шайлоого эч кандай байланышы болгон эмес. Бирок ал урушту бир тараптуу өз максатына колдонгондор чыкты. Эгер менин апам бир ай бою базарда соода кылгандарга басым көрсөтсө, мажбурласа эмне үчүн ошол учурда бир да адам тиешелүү органдарга арыз менен кайрылган эмес?

Тилек Нааматбаев окуяны Коомдук биринчи каналдын журналисттери бир тараптуу чагылдырды деген нааразылыгын кошумчалады. Буга чейин Башкы прокуратура Кара-Балта шаардык кеңешине катышкан “Жаңы шаар” партиясынына байланышкан чатак боюнча кылмыш иш ачкан.

Анда шаардагы «Азия-2» базарынын жетекчиси Зууракан Сегизбаева баласы менен кызы талапкер катары катталган партияга добуш берүүгө элди үгүттөп, кол алдында иштеген сатуучулардан кеминде он шайлоочу табууну талап кылганы жана баш тарткандарга ижара акыны жогорулатууну айтып коркутканы айтылган. Мындан соң шайлоо мыйзамдарынын аткарылышын көзөмөлдөбөгөнү үчүн Жайыл райондук прокурору Алтынбек Намазалиев, райондук ички иштер бөлүмүнүн жетекчиси Раат Мырзаканов кызматтан алынган. Ал эми Чүй облусунун прокурору Азат Өскөнбаев менен облустук милициянын башчысы Канат Жумагазиевге сөгүш берилген. БШК 18-декабрда “Жаңы шаар” партиясы алган добуштарды толугу менен жокко чыгарды. (BkA)

XS
SM
MD
LG