"Жалпыга маалымдоо каражаттары жөнүндөгү мыйзамга" киргизилген өзгөртүүдөн "чет элден каржыланган медиага сырттан келген акча жалпы каржынын 20 пайызынан ашпоосу керек" бөлүгү алып салынды. Бирок медиауюмдун "чет элдиктерге таандык үлүшү 35 пайыздан ашпашы керек" деген бөлүк калды. Бул тууралуу мыйзамдын автору Кожобек Рыспаев бүгүн парламенттик угууда билдирди.
Бул мыйзам алгач сунушталганда жарандык коомдун сынына кабылып, сөз эркиндигин чектерин айтып чыгышкан. Кожобек Рыспаев бүгүн бул боюнча түшүндүрмө берип, коомчулукту нааразы кылган беренелер алынганын белгиледи.
Аталган мыйзамды депутаттар Кожобек Рыспаев, Искендер Матраимов, Жыргалбек Турускулов жана Табылды Тиллаев сунуштаган.
Анда жалпыга маалымдоо каражатын негиздөө укугуна мамлекеттик органдар, саясий партиялар жана башка укуктук жактар, Кыргызстан жарандары гана акылуу экени жазылган.
Парламенттик угууга депутаттар, мамлекеттик мекеме, жарандык коом өкүлдөрү, журналисттер жана эксперттер катышууда. (KJ/NT)