Линктер

шаршемби, 17-январь, 2018 Бишкек убактысы 10:52

Акыркы бир нече күн ичинде Сириянын Алеппо шаарынан 25 миңдей адам эвакуация кылынды. Бул тууралуу эл аралык Кызыл Чырым уюму билдирди. Калаада тынч аймакка кетүүнү күтүп отурган дагы миңдеген тургундар бар.

Элди алып чыгып кетүү иштери 15-декабрда башталып, бирок автобустарга уюштурулган кол салуулардан улам бир канча жолу үзгултүккө учурады.

19-декабрда БУУ Коопсуздук кеңеши Алепподон эвакуация кылына турган кишилерди көзөмөлгө алуу үчүн байкоочуларын жөнөтүү резолюциясын кабыл алган. Ага Москва алгач каршы чыгып, кийинчерээк колдой турганын билдирген.

Алепподо өкмөт күчтөрү жана козголоңчулар ортосунда соңку күндөрү курчуп кеткен кырдаалдан улам, 20-декабрда Бишкекте тынчтык акциясы өттү. Активисттер эл аралык коомчулукту согушту токтотууга чакырышты. (SE)

XS
SM
MD
LG