Берлинде 12 кишинин өмүрүн алган калаба жоопкерчилигин “Ислам мамлекети” радикал тобу өзүнө алды. Аталган террордук уюмга тиешеси бар AMAQ сайты бул тууралуу 20-декабрда жазып, жүк унаасында элди тебелеген адам топтун жоочусу экенин маалымдады.
Дүйшөмбү күнү Германия баш калаасындагы чоң аянтта уюштурулган жаңы жылдык жармаңке учурунда жүк унаасы элди тебелеп, андан 12 адам набыт болгон. Элүүдөй киши жарадар болуп, отуз адамдын абалы оор.
Эртеси айдоочу деп шектелип Пакистандын жараны кармалган. Бирок бийлик азырынча кылмышты дал ошол киши жасаганбы же башкабы, так айтууга эрте экенин билдирүүдө. Кармалган адам күнөөнү мойнуна ала элек. (SE)